Сузактын Арал айылында күн панелинин жардамы менен таза суу чыгарылды

Аймак 23 октябрь 2025 09:17
570157296_1923402411860347_6419558801117501830_n.jpg
571225804_1923400955193826_3703493855576299028_n.jpg
569541053_1923402275193694_8331805266547019278_n.jpg
566220847_1923402371860351_3615090746795658437_n.jpg
567968167_1923402271860361_4756050237934284484_n.jpg
571139383_1923402508527004_5345087644019576757_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районуна караштуу Арал айылынын Майда-Мундуз тилкесинде ишке ашкан таза суу долбоорунун ачылыш аземине катышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган долбоор облус аймагында алгачкы жолу күн панелдеринин жардамы менен ичүүчү таза суу чыгаруу системасын орнотуу максатында ишке ашырылып, пайдаланууга берилди.

Долбоор 2025-жылдын июль айында башталып, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ага жалпы 6 млн 833 миң сом каражат жумшалып, натыйжада 300 кожолук таза суу менен камсыз болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тилек Текебаев аталган долбоор “жашыл энергияны” колдонуу менен таза суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун артыкчылыктуу үлгүсү экенин белгиледи. Анын айтымында, күн панелдеринин жардамы менен суу чыгаруу — экологиялык жактан таза, заманбап жана туруктуу чечим болуп саналат.

Ошондой эле облус башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 32 айыл жана 3 шаарда таза суу долбоорлору ишке ашырылып жатат. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында алардын ичинен 5 айылда иштер толугу менен аяктап, элдин колдонуусуна берилген.