Сузактагы жолугушуу: Облус башчысына 70тен ашык маселе айтылды

Аймак 15 Май 2026 16:40
700293758_2085138762353377_7393639437317976621_n.jpg
700317025_2085138985686688_8565052366733319575_n.jpg
700658298_2085138869020033_6345536988698875181_n.jpg
699416433_2085138819020038_9221303528480928318_n.jpg
699761536_2085138945686692_2586088063721683803_n.jpg
700063837_2085139065686680_782382238547055447_n.jpg
700092337_2085139205686666_5695313349775769137_n.jpg
700143809_2085126719021248_8628029479697092843_n.jpg
700169484_2085127119021208_1313509701225100749_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууга Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл аймактын тургундары катышып, жалпы катышуучулардын саны 280 адамды түздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан жол инфраструктурасы, таза суу, сугат суу, жайыт маселеси, турак жай, жер тилкелери, бала бакча жана мектептердин абалы, сел кооптуулугу бар аймактарды тазалоо, ирригация жана жеке укуктук маселелер көтөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 38 жаран тарабынан жалпысынан 72 маселе көтөрүлдү. Облус башчысы Тилек Текебаев ар бир айтылган көйгөй көз жаздымда калбай, мыйзамдын негизинде кылдат каралып, тиешелүү мекемелер тарабынан натыйжалуу чечимдер кабыл алынышы керектигин эскертти.