Сузактагы 5 сааттык ачык диалог: Тилек Текебаев элдин көйгөйүн укту

Аймак 12 Май 2026 19:00
696778912_2082681359265784_5271036413162383667_n.jpg
693211244_2082686935931893_8700906671712899321_n.jpg
693238910_2082687022598551_9152632558527609101_n.jpg
695394070_2082686982598555_2908227088975026245_n.jpg
695394141_2082686505931936_456325266739014795_n.jpg
696186911_2082686729265247_1722664110807458605_n.jpg
696194151_2082686645931922_8215263691179455915_n.jpg
696451521_2082686995931887_7464909488974526994_n.jpg
696729984_2082672909266629_603167990795133843_n.jpg
696756746_2082686895931897_6381067115613837313_n.jpg
696881421_2082673999266520_7745187983256218333_n.jpg
696911985_2082671952600058_338064778045427247_n.jpg
697037002_2082679885932598_576811790637022779_n.jpg
697065480_2082680965932490_4290100705706809885_n.jpg
697085285_2082681065932480_8972152317146824304_n.jpg
697822125_2082686515931935_7264514061751197213_n.jpg
697927600_2082687012598552_5525723272024450104_n.jpg
698107765_2082687032598550_729182349239002069_n.jpg
698128393_2082686715931915_4725257747852094728_n.jpg
698168353_2082686692598584_4416231028883207544_n.jpg
698435933_2082678999266020_5534039345514140942_n.jpg
698435937_2082677162599537_2585921622554278705_n.jpg
699840957_2082686955931891_1962577702607622781_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургундары менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга жалпы 320дан ашуун тургун катышып, 55 жаран тарабынан 111 маселе көтөрүлдү.

Иш-чарага облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Жолугушуу 5 саатка жакын уланып, тургундардын көйгөйлөрү жана суроо-талаптары кеңири талкууланды.

Тургундар тарабынан негизинен таза суу, турак жай, жер тилкелери, ички жолдор, мектеп жана бала бакча куруу, социалдык колдоо жана жөлөк пул маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жарандар жеке укуктук көйгөйлөрү боюнча көйгөйлөрүн айтышты.

Мындан тышкары, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында турак жайларга жана үлүштүк жерлерге кенемте төлөө маселеси көтөрүлүп, тургундар бул багыттагы түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле темир жол жана аэропорт тармагына адистерди даярдоо, жаштарды кесиптик окутуу жана ички коммуникациялык маселелери көтөрүлдү.

Облус башчысы көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынарын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Айрым маселелер жеринде чечилип, кошумча тактоону талап кылган көйгөйлөр объективдүү каралып, мыйзам чегинде чечүү жолдору каралаарын белгиледи.