Сузакта жол инспекторлору эс-учун жоготкон баланы ооруканага жеткиришти

Аймак Загрузка... 04 Июль 2025 16:25
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Сузакта жол инспекторлору эс-учун жоготкон баланы ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июлда болжол менен саат 20:00дөр чамасында жол инспекторлор кызмат өтөп жаткан учурда Кызыл-Жар айылында жолдун ортосунда 9-10 айлык ымыркайды колуна көтөрүп чуркап бараткан жаранды байкашкан. Ал кол жаңсап, кызматкерлерди токтотуп жардам сураган.

Анын айтымында, баласы эс-учун жоготуп, "Тез жардам" кызматы кечигип жаткандыктан, көчөдөн унаа токтотууга аракет кылган, бирок эч ким токтобогон.

Кызматкерлер дароо жаранды ымыркайы менен кызматтык унаага салып, райондук ооруканага алып жөнөшкөн. Райондун борбордук көчөлөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабык болгондуктан, ички көчөлөрдө унаа тыгыны пайда болгон. Ошого карабастан кызматтык унаанын сиренасын колдонуп, ымыркайды тез арада ооруканага жеткиришкен.

Дарыгерлердин айтымында, өз убагында жеткирилгендиктен ымыркайдын абалы учурда туруктуу.