Сузакта өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын жаңы имараты курулууда

Аймак 4 октябрь 2025 16:40
557696453_122189399696341273_8529738556688154041_n.jpg
557808810_122189399612341273_4023943284127339604_n.jpg
557901620_122189399672341273_6957181563168387175_n.jpg
558080897_122189399648341273_2673183267573267401_n.jpg
558326195_122189399684341273_2044792731777781795_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Сузакта өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториянын жаңы имаратынын курулушу жыл аягында аяктайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Төрөбаев имараттын курулуш иштери менен жеринен барып таанышып чыкты.

Лабораторияны куруу үчүн 2017- жылы аянты 0,25 га болгон жер тилкеси бөлүнүп берилген. 2024-жылдын декабрь айында өткөн тендердик конкурстун жыйынтыгы менен “Алтын доор” ЖЧК курулуш компаниясы жеңип чыгып, лабораториянын имаратын 2025-жылдын февраль айларынан баштап куруу иштери жүргүзүлүп жатат. План боюнча курулуш иштери ушул жылдын аягында аяктайт.

Дабораторияны курууга жалпы 67 млн 140,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган. Анын ичинен:

- 39 млн 44 миң сом акча каражаты имаратты курууга;
- 27 млн 446, 5 миң сом лабораториялык жабдуулар менен жабдууга;
- 650 миң сом долбоорлук-сметалык документти даярдоого кеткен.