Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аталган окуя 25-мартта А.П. Гайдар атындагы №22 жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Бирок, сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видео эми гана интернетке чыккан.
Окуядан кийин окуучунун ата-энеси мектепке чакырылып, алар мугалимге карата эч кандай доосу жок экендигин айтышкан.
Аталган мектептин башталгыч классынын мугалими Э.Г. 16-апрелден тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
"Учурда бул окуя боюнча райондук ички иштер органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектепте окуучулар менен социалдык педагог тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.