Сузакта майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Аймак 19 сентябрь 2025 09:24
549619399_779604411347250_3587218667502655537_n.jpg
549362522_779636878010670_1443262377208613697_n.jpg
548227060_779604574680567_9218891915535918479_n.jpg
548643374_779697744671250_8905102079847933847_n.jpg
549166360_779636931343998_484796866579885034_n.jpg
549238821_779694578004900_2042128442640302593_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Сузак райондук администрациясы

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Күн мурун Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борбор ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага аким Баратбек Сыдыкназаров, АКШнын Стерлинг фондунун Борбор Азия боюнча өкүлдөрү Анду Ларсен, Шери Ларсен, райондук мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Айта кетсек, аталган борбор аким Сыдыкназаровдун демилгеси менен Стерлинг фондунун колдоосунда курулду. Имаратта машыгуу залы, компьютердик бөлмө, конференция, кол өнөрчүлүк залы, ашкана жана жатаканасы каралган. Ошондой эле майыптыгы бар жарандардын реабилитациядан өтүүсүнө толук шарттар түзүлгөн.