Сузакта кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү завод ачылды

Аймак 19 август 2025 17:50
536278495_1870381603829095_8044243615041032386_n.jpg
534533527_1870381563829099_6947347130927353575_n.jpg
535477032_1870381663829089_361740994094168489_n.jpg
535818841_1870381410495781_4697461611617478778_n.jpg
535903950_1870381373829118_2361500174900395528_n.jpg
536179673_1870381670495755_4006085185177215870_n.jpg
536268291_1870381310495791_6560374661779488289_n.jpg
536269957_1870337830500139_7900332841620835267_n.jpg
536270048_1870381613829094_1615361285640298542_n.jpg
536273851_1870381400495782_6600237255561733865_n.jpg
536277974_1870381367162452_7967670394144470514_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Бүгүн Сузак районунун Орто-Сай айылында заманбап “Цзиянъ” ЖЧКсынын кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү заводу ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 1500 куб метр кум-шагыл аралашмасын жана 1500 куб метр бетон өндүрүүгө жетет. Өндүрүш объектиси курулуш тармагын керектүү материалдар менен камсыздап, 30дан ашуун жергиликтүү тургунду жумуш орду менен камсыз кылууда.

Жалпы 5000 чарчы метр аянтты ээлеген ири долбоордун наркы 7 миллион АКШ долларын түзөт. Ал Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылды.

Облус башчысы Тилек Текебаев салтанаттын катышуучуларын куттуктап, заводдун ишмердүүлүгү аймактагы курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга, экономикага жаңы дем берүүгө жана жергиликтүү калктын жашоосуна оң таасир тийгизүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.