Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолуна асфальт басылууда

Аймак 28 Апрель 2026 16:40
683007361_1278580764450667_6330049313873826888_n.jpg
681048117_1278580814450662_5693119479561917074_n.jpg
681680246_1278580767784000_4848817872882410877_n.jpg
684225362_1278580811117329_7943930127943298416_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Сузак районунда Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолу асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 6 чакырымды түзөт. Быйылкы жылы толук асфальт төшөө пландалган.

Учурда жолдун негизин даярдоо, тегиздөө жана асфальт төшөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Эки тилкеде жер алдындагы суу түтүктөрү жаңыланууда.