Сузакта 7,2 чакырымдык Кара-Дарыя – Дөш унаа жолу асфальтталат

Аймак Загрузка... 26 Март 2026 10:25
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Сузак районундагы Кара-Дарыя – Нервти – Пром – Үч-Мазар – Дөш жолунун 7,2 чакырым аралыгы асфальтталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальт төшөөгө даярдык көрүү максатында жолду кеңейтүү жана жолдун негизин даярдоо иштери активдүү жүрүп жатат.

Аталган жол буга чейин кара шагыл жол болуп, жергиликтүү тургундар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Долбоор ишке ашкандан кийин үч айылдын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, калктын жүрүп-туруу шарттары жеңилдейт.

Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, жол эки тилкелүү IV категорияга ылайык курулуп, жол жээктери кеңейтилет.