Импортту азайтат. Сузакта гипсокартон чыгаруучу завод ачылды — Кабар

Импортту азайтат. Сузакта гипсокартон чыгаруучу завод ачылды

Экономика 5 декабрь 2025 14:05
1.jpg
594059775_1958448875022367_1185830671253869545_n.jpg
594061579_1958448761689045_6227661840178858681_n.jpg
594062463_1958448618355726_8158720809006251534_n.jpg
594062553_1958448745022380_3124184969837324399_n.jpg
594063569_1958448988355689_4921470513694525780_n.jpg
594063898_1958448648355723_4277007556260186123_n.jpg
594064377_1958449018355686_2749941400447156025_n.jpg
594072020_1958448568355731_1422902178505409874_n.jpg
594900685_1958446015022653_7389450874258936193_n.jpg
595076228_1958448931689028_7476579861844372683_n.jpg
595081405_1958448908355697_1791004635609390736_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Сузак районунун Достук айылында гипсокартон чыгаруучу завод ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өндүрүш ишканасынын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Минкаб төрагасы индустриялаштыруу өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, республика боюнча жылына 100дөн ашуун ишкана ишке киргизилип жатканын белгиледи.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, ишкананын ишке кириши импорттук көз карандылыкты кыйла азайтууга, курулуш тармагын сапаттуу ата мекендик материалдар менен камсыз кылууга жана аймакта кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 млн чарчы метрге чейин гипсокартон барактарын жана 60 миң тоннага чейин гипс порошогун чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканада 80 жумушчу оруну түзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга 11,7 млн доллар инвестицияланган.