Сузакта дыйкан күнөсканада лимон өстүрүп, 800 кг түшүм алды

Аймак 17 декабрь 2025 14:30
WhatsApp Image 2025-12-17 at 11.13.26 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-17 at 11.13.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-17 at 11.13.26 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-17 at 11.13.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-17 at 11.13.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-17 at 11.13.25.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-17 at 11.13.25 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Сузак районунун Барпы айыл аймагында дыйкан климатка анча ылайык келбеген цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча алгачкылардан болуп демилге көтөрүп, акыркы эки жылдан бери бул багытта үзүрлүү иштеп келүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ал мандаринди сыноо иретинде отургузуп, бүгүнкү күндө жакшы жыйынтыктарга жетишти. Цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап агротехникалык ыкмаларды туура пайдалануунун натыйжасында мандаринден сапаттуу жана мол түшүм алынууда.

Мындан тышкары, дыйкан эки жылдан бери лимон өстүрүп, быйылкы жылы 800 килограммга чейин түшүм жыйнады. Алынган продукция жергиликтүү базарларда сатылууда.

Учурда дыйкандын күнөсканасында банан, курма, лимон, мандарин жана мандариндин башка түрлөрү өстүрүлүүдө. Ал келечекте күнөсканасын кеңейтип, тропикалык өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көбөйтүүнү пландап жатат.