Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Сузак районундагы Садда айылында 150 окуучуга ылайыкташкан №103 Садда орто мектебинин курулушу аяктады. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" (ERIK) долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Белгиленгендей, курулуш иштери 2024-жылдын июлунда башталган.
Жаңы курулган мектеп жер титирөөлөргө туруктуу, электр энергиясын үнөмдөйт. Мында майыптыгы бар балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, санитардык-гигиеналык шарттар камтылган.