Сузак районунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

Аймак 19 август 2025 11:00
IMG_6791.JPG
IMG_6792.JPG
IMG_6790.JPG
IMG_6789.JPG
IMG_6787.JPG
IMG_6786.JPG
Алдыга
Артка
IMG_6791.JPG
IMG_6792.JPG
IMG_6790.JPG
IMG_6789.JPG
IMG_6787.JPG
IMG_6786.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барып, бардык райондорду кыдырып, суу чарба объектилеринин ишмердүүлүгү жана курулуп жаткан жаңы долбоорлор менен таанышты.

Анда Сузак районундагы жаңы ири долбоор – көлөмү 17 млн м³ суу топтой турган сезондук бассейн (БСР) куруу планы талкууланды. Бул бассейн ишке берилсе Көк-Арт өрөөнүндөгү 19 284 гектар айдоо аянтындагы дыйкандар сугат суу менен туруктуу камсыз болуп, түшүмдүүлүк жогорулайт жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошулат.