Сузак районунда Фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Аймак Загрузка... 04 Октябрь 2025 16:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. Сузак районунда Фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Жалал-Абад облусундагы имараты 1982-жылы курулуп, 43 жылдан бери биринчи жолу толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап шарттарга жооп берген абалга келтирилди.

Жаңыланган имаратта министрликке караштуу аймактык мекемелер жана Фермерлерди тейлөө борбору жайгашып, Сузак элине ар тараптуу колдоо жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт. 

Бул борбор, дыйкан-фермерлерге, айыл чарба өндүрүшүнө заманбап, инновациялык технологияларды колдонуу боюнча практикалык жардам берүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө ушундай форматтагы борборлор өлкөнүн 16 районунда ийгиликтүү иштеп, айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.  

Акыркы 2-3 жылда дыйкан-фермерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор өз жемишин бере баштады. Айтсак, ушул жылдын 8 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмүнүн көлөмү 252,5 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 102,4 пайыз болду. Кайра иштетүү өнөр жайында 68,7 млрд сомдук продукция чыгарылып, 144,4 пайыз өсүшкө жеттик.

Ошондой эле быйыл айыл чарбасында буга чейин болуп көрбөгөндөй рекорддук көрсөткүчтөр дагы катталды. Алсак:

  • Жайыл районунда гектарынан 120 тонна помидор алынды — бул дүйнөлүк рекорд;
  • Лейлекте гектарынан 113 тонна пияз түшүмү жыйналды;
  • Манас районундагы дыйкандар гектарынан 120 тоннага чейин болгар калемпирин өндүрдү;
  • Кочкордо картөшкөдөн гектарына 30–35 тонна түшүм алынды;
  • Ак-Талаада фермердик чарба “Ангус” породасы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишти – 10 айлык торпогу 100 миң сомдон сатылат, эң чоң букасы 1,5 тоннага жетет.