Сузак – Каду жолундагы кемчиликтер подрядчынын эсебинен жоюлат

Аймак 1069 06 Февраль 2026 18:06
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.59 (1).jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Сузак – Каду жолундагы кемчиликтер подрядчынын эсебинен жоюлат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, социалдык тармактарга жарыяланган жол аталган унаа жолдун 0-2 чакырым аралыгы.

"Учурда бул тилкеде кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган участокко өткөн жылдын сентябрь айында асфальт төшөлгөн. Жол подрядчы компаниянын кепилдик мөөнөтүндө турат. Ошондуктан бардык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери подрядчынын эсебинен аткарылат. Жол толук талапка ылайык келтирилгенден кийин гана кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн министрликтин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн кеңешмеде министр Абсаттар Сыргабаев аталган жолдогу кемчиликтер үчүн тиешелүү жетекчилерге эскертүү берди.