Суусамырдагы жол оңдоо иштери кандай жүрүүдө?

Коом Загрузка... 12 Сентябрь 2025 10:35
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесинде орто оңдоо иштери активдүү уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жалпы 85 чакырымды түзгөн оңдоло турган жолдун 50 чакырымына асфальт басылып бүттү.

Курулуш иштери эки бөлүккө бөлүнүп, аларды “Чайна Роуд” жана “Альянс Капитал Кейджи” подряддык компаниялары жүргүзүүдө. Учурда министрлик “Альянс Капитал Кейджи” иш алып барган тилкедеги иштерди көзөмөлдөп, курулуш ырааттуу жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн аптада эркин журналист Эламан Карымшаков тарабынан жарыяланган материалда, “Альянс Капитал Кейджи” компаниясы менен иштешкен айдоочулар айлык маяналарын ала албай жатканы айтылган. Бул боюнча министрлик түшүндүрмө берип, жумушчуларга маяна аткарылган ишке жараша толук төлөнгөнүн билдирди.

Оңдоо иштеринин жыл аягына чейин толук бүткөрүлүшү күтүлүүдө.