Суусамырда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери эртең улантылат

Аймак 14 Февраль 2026 19:49
FB_IMG_1771076896195.jpg
FB_IMG_1771076898882.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1771076896195.jpg
FB_IMG_1771076898882.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.02.26. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми бүгүн 20 баш койдун тарпы табылган, жалпы 30 баш.

Куткаруучулар эртең издөө ишин улантат.

Белгилей кетсек, 12-февралда кар көчкү 50 баш койду жана 59 жаштагы малчыны аты менен кошо басып калган.