Суусамырда малчыны 50 баш кой жана аты менен кар көчкү басып калды

Кырсык Загрузка... 13 Февраль 2026 09:44
1.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Күн мурун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык тууралуу Кызыл-Ой айылынын башчысы Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө билдирген.

Бүгүн, 13-февралда түнкү саат 03:00дөн тарта жалпы 24 куткаруучу көчкү басып калган жаранды издөө иштерине жөнөтүлдү.

Издеп-куткаруу иштеринен кошумча маалымат берилет.