Суусамырда Бишкек – Ош унаа жолунун 12 чакырымына асфальт басылды

Аймак 24 Июль 2025 17:33
521833656_1055391453436267_977104818912628858_n.jpg
522215857_1055392910102788_8240240164561758897_n.jpg
522429407_1055393103436102_8824163926677582100_n.jpg
522797595_1055393033436109_6471745823000459289_n.jpg
522970828_1055392890102790_8416532837757196417_n.jpg
1.jpg
519714942_1055392893436123_7802247749778483742_n.jpg
521340910_1055392996769446_8303209404289911396_n.jpg
521631046_1055393016769444_5178729778161278781_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек 24.07.25 /Кабар/. Стратегиялык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолунун Суусамыр тилкесинен Ала-Бел ашуусуна чейин жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдɵ. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, кээ бир тилкелеринде аң-чɵнɵктɵрдү жамоо, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жумуштары аткарылып жатат.

Курулуш иштери башталгандан бери 12 чакырым жолдун эки тарабына асфальт басылды.

Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулду. Учурда заводдордон (АБЗ) саатына 200-300 тонна кɵлɵмдɵгү асфальт чыгарылып жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга пландалып, ушул жылы курулуш иштери башталды. Жалпы 104 чакырым жол асфальттоо каралган.