Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына 5 миң чабак коё берилди

Аймак Загрузка... 26 Март 2026 12:02
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Чүй облусундагы Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга 5 миң чабак коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бул иш-чара суу биоресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Балыктандыруу – табигый суу объектилериндеги балык ресурстарын калыбына келтирүүнүн жана көбөйтүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири.