Бишкек, 12.01.25 /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы 4 мектеп сууктан улам аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган айыл аймагынын башчысы Азизбек Манапов билдирди.
Анын айтуусу боюнча аба ырайы түнкүсүн -48 градуска чейин төмөндөп, күндүзү -33-35 градустун тегерегинде болууда.
“Катуу сууктан улам Тунук, Суусамыр, Биринчи май жана Кожомкул айылдарындагы мектептер бир жумага аралыктан окууга таратылды”,-деди ал.