Сууну үнөмдөп, аймакты өнүктүргөн энергия булагы. Көл жергесине курулуп жаткан чакан ГЭСтер

Аймак Загрузка... 28 Май 2025 17:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Өлкөдө акыркы курулуп жаткан чакан ГЭСтер жергиликтүү керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге эле өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоого да салым кошууда. Бул — бир эле учурда экономика, экология жана аймактык өнүгүү үчүн маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Совет доорунда түптөлгөн Кыргызстандын энергетика тармагы кезинде бүтүндөй Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп турган. Кийинки эгемендүүлүктү алган жылдары бул тармакка жетиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүм жана жабдуулар эскирип, замандын талабына жооп бербей калган эле. Мындай абал энергетикалык коопсуздуктун төмөндөшүнө, электр энергиясы менен камсыз кылууда кыйынчылыктардын жаралышына алып келгени маалым.

Акыркы жылдары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Быйылкы жылы 18 чакан ГЭС ишке берилгени турат. Бул демилгелер бир тараптан энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга багытталса, экинчи тараптан аймактык өнүгүүгө да түрткү берүүдө.

Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков “Кабар” агенттигине билдиргендей, бул чакан ГЭСтер учурда болгон суу менен эле иштей берет.

"Дарыяларга бизде болгон суунун жардамы менен электр энергиясын өндүрө турган жабдуулар жана курулуштар орнотулат. Эң башкысы - чакан ГЭСтер район же айыл үчүн зарыл болгон электр энергиясынын көлөмүн иштеп чыгып, сууну үнөмдөө жүрөт. Чакан ГЭСтер республиканын ири гидростанцияларына керектүү көлөмдөгү сууну топтоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде өлкөнүн электр энергиясына болгон көз карандысыздыкка ээ болушуна салымын кошот", - деп билдирген.

Ысык-Көл облусунда “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомуна таандык Орто-Токой жана жеке менчик Боз-Учук, Койсу чакан ГЭСтери бар.

“Чакан ГЭС” ААКнын Капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Улан Кылышбековдун берген маалыматы боюнча жогоруда аталган ГЭСтерде курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Аталган ААКнын Капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Улан Кылышбековдун берген маалыматы боюнча Боз-Учук жана Койсу мекемелик ГЭСтер болуп эсептелет. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

“Боз-Учук ГЭСинин пландалган кубаттуулугу — 5,54 МВт. Ал Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында жайгашкан. 2025 жылдын август айында ишке берилет. Ал эми Койсу ГЭСинин пландалган кубаттуулугу — 9 МВт. Жайгашкан жери Ысык-Көл району. Алдын ала маалыматтар боюнча Койсу ГЭСи июнь айында ишке берилет.

Чакан ГЭСтер мамлекет жана жергиликтүү эл үчүн олуттуу пайдасын тийгизе алат. Биринчиден – жергиликтүү жана туруктуу электр энергиясынын булагы болуп, экинчиден - экологиялык жактан таза энергия өндүрүлөт. Үчүнчүдөн - жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди ал.

Кылышбековдун билдирүүсү боюнча учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан, кийинки жылы ишке бериле турган компанияга таандык Орто-Токой чакан ГЭСи да бар. Анын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт.

“Жалпы курулуш иштери болжол менен 50%га аткарылды. Долбоорду биздин ишкана менен Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы ишке ашырууда. Курулуш аймагында жолдор салынып, шаарча жана негизги объектилер толук бүттү. 110 кВ көмөк чордонду курууга даярдык жүрүүдө, аба чубалгылар үчүн жер маселеси макулдашылууда. Орто-Токой ГЭСи ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат. Долбоордун наркы – 247,1 миллион юанды (болжол менен 34,8 миллион АКШ доллары) түзөт” – деп белгиледи ал.

Жаңы ГЭСтердин курулушу менен катар, бар болгон энергетикалык объектилерди модернизациялоо, жоготууларды азайтуу жана энергияны үнөмдүү пайдалануу боюнча да маанилүү иштер жүргүзүлүүдө.