Сууну эсепке алуу жана жаңы долбоорлор: Суу ресурстары кызматынын отчёту угулду

Коом Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Эрлист Акунбековдун катышуусунда коллегиялык жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында министрдин орун басары — Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев ирригация тармагын калыбына келтирүү, сууну туруктуу башкаруу жана санариптештирүү боюнча отчет берди.

Берилген маалыматка ылайык, бөлүнгөн бюджеттик жана донордук каражаттар капиталдык салымдарга, ирригациялык инфраструктураны оңдоого жана стратегиялык долбоорлорго багытталды.

Отчеттук мезгилде чарба аралык каналдар, гидротехникалык курулмалар жана насостук станциялар толугу менен даярдалып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактар тазаланып, сугат жерлеринин мелиорациялык абалы кыйла жакшыртылды.

Тармакты модернизациялоо алкагында суу үнөмдөөчү технологияларды киргизген дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер ачылып, электр энергиясына туруктуу тарифтер бекитилди. Каналдарды заманбап каптоо үчүн бетон полотнолорун чыгаруучу заводдун курулушу жүрүүдө.

Суу чарбасында жаңы бассейндер, суу сактагычтар жана чакан ГЭСтер долбоорлонуп жатат. Мындан сырткары, Бирдиктүү суу маалыматтык системасы ишке киргизилип, сууну эсепке алуучу приборлорду орнотуу жана накталай эмес төлөмдөргө өтүү тездетилди.