Сууга түшүү мезгили. Калаадагы көлмөлөр эс алуучуларды кабыл алууга даярбы?

Коом Загрузка... 04 Июль 2025 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Жай мезгилинин келиши менен шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуу маданияты өзгөрүп, көпчүлүк жарандар ысык күндөрдө сууда түшүүгө аракет кылышат. Аптаптуу күндөрдө сууга түшүү денени сергитет, көңүл ачууга шарт жана эс алуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок, сергек жана коопсуз эс алуу үчүн белгилүү эрежелерди сактоо өтө маанилүү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, борбор калаада жалпы 10 көлмө жана 2 канал бар. Алардын ичинде Комсомол жана Пионер көлдөрү сууга түшүү үчүн ылайыктуу деп эсептелет.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, учурда аталган көлмөлөрдө “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Тазалап бүткөндөн соң алар шаар тургундарына пайдаланууга берилет жана сууга түшүү сезону расмий башталат. Азырынча ачылуу убагы белгисиз.

Сезондун башталышы менен сууга чөгүү сыяктуу, коопсуздук көйгөйлөрү башталбай койбойт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурбаш үчүн төмөнкү эреже жана чектөөлөрдү эске алууга жана катуу сактоого чакырат:

  • Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу объекттерине сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар;
  • Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт.
  • Сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат деген жазуулары бар суу объекттерине сууга түшүүгө болбойт;
  • Бассейин, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт;
  • Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу техникаларга сузүп барууга тыюу салынат.

“Мындай эреже жана сунуштар жөнөкөй көрүнгөнү менен, алар сиздин жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап калууга чоң салым кошот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эс алуучуларга атайын уруксат берилген жана куткаруучу кызматтар бар жайларды тандап эс алууну сунуш кылат.

Эске тутуңуз: суу шалаакылыкты кечирбейт! Ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жооптуу экенин унутпоого тийиш. Эсиңизде болсун — жөнөкөй сактык эрежелери сиздин өмүрүңүздү сактап калышы мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаада абанын температурасы: +38ге чейин жетти.

Дарыгерлер шаардыктарды күндүн ысыгында 12: 00дөн 17:00гө чейин сыртка чыкпоого, көбүрөөк суу ичүүгө, жеңил кийим жана баш кийим кийүүгө чакырат.

Карыларга, балдарга жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккендерге өзгөчө көңүл буруу сунушталат. Калаада аномалдуу ысык синоптиктердин болжолунда, аптанын аягына чейин созулат.