Суудагы “Формула-1”: 120дан ашык куткаруучу коопсуздукту камсыз кылууда

Коом 01 Август 2026 10:30
ммс.webp
мми.webp
тто.webp
Алдыга
Артка
ммс.webp
мми.webp
тто.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 01.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтүп жаткан суудагы “Формула-1” эл аралык мелдеши учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 120дан ашык кызматкери катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууда. Бул тууралуу министр Канатбек Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, суучулдар, өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар нөөмөттө турушат.

"Кызматкерлер алдын ала машыгуудан өтүшкөн. Бул үчүн биз атайын жумушчу топ түздүк. Бүгүнкү иш-чарага 120дан ашык кызматкер жана 30дан ашык техника тартылды", - деп белгиледи министр.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев быйыл Ысык-Көлдөн эки тоннадан ашык таштанды чыгарылганын кошумчалады.