Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Бүгүн Суучулдар кызматынын суучулдары тазалоо иштеринин жүрүшүндө Түп районунун Күрмөнтү жана Кудургу айылдарынын тушунан эски 17 торду чыгарышты. Алардын жалпы узундугу болжол менен 1700 метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдү тазалоого багытталган комплекстүү иш-чаралар улантылууда. Браконьерликке каршы бирге күрөшүү, көлдү синтетикалык торлордон тазалоо боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө. Ошондой эле таштандылардан арылтуу максатында жыл сайын активдүү түрдө ишембиликтер өткөрүлүп келет.
Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого ар бир кыргызстандык салым кошуп, браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы турушу зарыл. Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети.