Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Р-7 каналына бетон полотносун төшөө иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бетон полотно каналдын 1,5 чакырым аралыгына төшөлдү жана бул 13 675 чарчы метрди түзөт.
Учурда канал аркылуу 2 700 гектар айыл чарба жерин сугат суу менен камсыздоого толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.
"Бул иштер аймактагы сугат системасынын натыйжалуулугун жогорулатып, суу жоготууларын азайтууга жана дыйкандарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, P-7 каналынын кошумча 0,8 чакырым тилкесине жалпы аянты 7 220 чарчы метр болгон бетон полотно төшөө иштери 2026-жылдын IV кварталына пландалган.