Кочкор районундагы Ара-Көл суу сактагычы жылдан жылга көркүнө чыгып, эс алуучуларды өзүнө тартууда. Кыш түшүп, көлдүн үстүн муз каптаар замат, демейде эл батпай калчу. Бул ирет сезон солгундап калгандай. Себеби, быйыл Кочкорго үч жолу кар жаап, муз жылдагыдай көк жылгаяк эмес. Сезон учурунда күнүнө миңге чукул муз сүйүүчү келип жатыптыр.
Жергиликтүүлөр конокторго ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бир ай мурда эле камдана башташат. Анткени Ара-Көл алардын кошумча киреше табуу булагына айланган. Сырттан келген коноктор да меймандостукка ыраазы.
Альбина, Бишкек шаарынын тургуну:
“Эс алуу сонун болуп жатат, буюрса. Бишкектен бери Ара-Көлгө атайын келдик. Сиздер дагы келиңиздер, эс алып кетиңиздер. Баарыңарга сунуштайм”.
Асылкан, Бишкек шаарынын тургуну:
“Табияттын кооздугун, сулуулугун көрүп сүйүнүп жатам. Балалыкты эске салды. Бүгүнкү күн абдан кызыктуу, эсте калаарлык болду”.
Ара-Көл суу сактагычынын аянты 20 гектар. Мурда ал айдоо талаасын сугаруу максатында колдонулчу. Эс алуучу жай катары беш жылдан бери популярдуу болуп келет. Көлгө чана, коньки тээп, көңүл ачуу үчүн гана келишпейт. Айрым атактуулар клип, ири компаниялар жарнама тартып кетишет. Элет элинин уул-кыздары өз алдынча коньки тепкенди өздөштүрүп алышкан. Арасында республикалык мелдеште ийгилик жараткан азаматтар да бар.
Айхан Муканбетов, Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну:
“Муз аянтынын ачылганына беш жыл болду. Ошондон бери бул жакка келип жүрүп, коньки тепкенди үйрөнүп алгам. Бир жыл мурда бул жерде чоң жарыш болгон. Анда көптөгөн фигуристтер келген. Ошолордун арасынан биринчи орунду жеңип алып, Алматыга жолдомо алгам”.
Сезон декабрдын аягында башталып, февралдын ортосунда аяктайт. Мында тамак-аш бизнесин колго алган сегиз үй-бүлө бар. Алар сезон маалында, тактап айтканда бир жарым айда 200 миң сомго чейин киреше табат. Ал эми коньки, чаналарды ижарага бергендер 40 миң сомго чейин кирешеге чыгат экен. Айтор, муз сезону башталганда жергиликтүүлөр чанасынан тарта атына чейин ижарага беришет. Мында өлкөнүн башка облустарынан келип иштегендер да жок эмес.
Аскар, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну:
“Баги, мотоцикл, квадроциклдерди иштетип жатабыз. Негизи жайында Ысык-Көлдө иштейм. Кышында музда иштеп алалы деп, Кочкорго келебиз. Бул жакта сезон 31-декабрдан, кышкы каникул бүткөнгө чейин 10-12 күн болот. Ошол учурда күнүнө 25-30 миңден табабыз.
Сезон ачылгандан баштап, жабылганга чейин куткаруучулар жана милиция күн сайын кызматта. Кышкы эс алуунун уюштуруучулары билдиргендей, коноктордун коопсуздугу биринчи орунда турат.
Атабек Бейшебаев, Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну:
“Сезон ӨКМдин уруксаты менен ачылат. Алар келип, муздун калыңдыгын ченеп, тийиштуу нормага жеткенде элди киргизе бергиле дейт. Быйылкы сезон 31-декабрда ачылды. Бизге Бишкектен, Ысык-Көлдөн эс алуучулар келишет. Чет элдик туристтер дагы бар. Көбүнчө индус, орустар келишет. Айрымдары адашып кетишет. Ошон үчүн картага киргизип, белгилерди коюп койгонбуз. Биз тазалыкты, коопсуздукту карайбыз”.
Ара-Көл суу сактагычы Кочкор районунун борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан, деңиз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте турат. Көл кышында эле муз аянтчасы катары колдонулбаса, жайкысын сууга түшкөнгө болбойт. Бирок балык кармаганга уруксат берилген.