Суу ресурстары кызматына каналдарды тазалоо үчүн 370 техника берилет

Коом 174 05 Август 2026 09:25
763831663_989183237477176_4743425264107616347_n.jpg
765970395_27751065047893647_4944742559164079491_n.jpg
766797987_2397538240775042_5560075904979728148_n.jpg
762008038_1854687115508771_9016767416485799736_n.jpg
762432923_1210463811268924_980394968477639227_n.jpg
762763705_3614797192016855_7451499799137090551_n.jpg
763028742_1583589803310113_7019304226074631688_n.jpg
763080606_1384655453761672_3031542746685493848_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Айыл чарба министрлигине атайын техника жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

"Кытайдын гранттык жардамынын алкагында жалпы баасы 148,9 млн юанды түзгөн 370 атайын техника берилет. Алар ирригациялык каналдарды механикалаштырылган тазалоо иштеринде колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

Техникалар өлкө боюнча Суу ресурстары кызматынын 7 облустук жана 40 райондук суу чарба башкармалыгына бөлүштүрүлүп, ирригациялык инфраструктураны тейлөөнүн натыйжалуулугун арттырууга жана айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга өбөлгө түзөрү белгиленди.