Суу коопсуздугун сактаңыз! ӨКМ кеңеш берет

Коом 21 июль 2026 13:05
Суу коопсуздугун сактаңыз! ӨКМ кеңеш берет

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Жайкы сезондо дарыяларда, көлмөлөрдө жана каналдарда эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар кеңештерди сунуштайт:

  • Сууга мас абалында түшпөңүз;
  • Балдарды кароосуз калтырбаңыз;
  • Тыюу салынган жана белгисиз жерлерде сүзбөңүз;
  • Катуу аккан сууларга жана каналдарга жакындабаңыз;
  • Сууга түшүүдө куткаруучу каражаттарды колдонуңуз;
  • Өз күчүңүзгө ишенип, кооптуу аракеттерге барбаңыз.

Суудагы коопсуздук эрежелерин сактоо — өмүрдү сактоонун негизги кепилдиги!