Бишкектин борбордук бөлүгүнө суу берүү убактылуу токтотулду

Коом 7 ноябрь 2025 10:03
Бишкектин борбордук бөлүгүнө суу берүү убактылуу токтотулду

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Бишкектин борбордук бөлүгү аварияга байланыштуу суусуз калды.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу бүгүн, 7-ноябрда саат 08:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотуларын билдирет.

Суу токтотула турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

  • Осмонкул көчөсү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин);
  • Москва көчөсү;
  • Ибраимов көчөсү;
  • Фрунзе көчөсү.

Коммуналдык ишкана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана көрсөтүлгөн аймактардын жашоочулары менен уюмдарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.