Суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыз: ИИМ ата-энелерге кайрылды

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 16:00
514863824_3470594636417044_7998404218600770969_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Жай мезгилинде сууга байланышкан кырсыктардын саны көбөйүп, өзгөчө жашы жете электер арасында кооптуу учурлар көп катталууда.

Ички иштер министрлиги ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү өзгөчө сак болууга чакырып, балдарды дарыялардын, көлдөрдүн, каналдардын, суу сактагычтардын жана башка суу объектилеринин жанында кароосуз калтырбоону эскертти.

Көпчүлүк кайгылуу окуялар балдар чоңдордун коштоосуз суу жээгинде жүргөн учурда болот. Айрым учурларда бир нече секунд эле чечүүчү мааниге ээ. Ошондуктан ата-энелердин туруктуу көзөмөлү — баланын коопсуздугунун эң негизги шарты.

Кырсыктардын алдын алуу максатында ИИМ төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштады:

  • Балдарды суу объектилеринин жанында бир мүнөткө да кароосуз калтырбаңыз.
  • Сууга түшүүгө уруксат берилген жана атайын жабдылган жайларда гана эс алыңыз.
  • Бала сүзгөндү билсе да, аны эч качан жалгыз сууга киргизбеңиз.
  • Балага сууда коопсуз жүрүүнүн эрежелерин жана суу жээгинде ойноонун коркунучтарын дайыма түшүндүрүп туруңуз.
  • Агымы катуу, терең же суу алдында тоскоолдуктары бар белгисиз жерлерде сууга түшүүгө такыр жол бербеңиз.
  • Кайыкта жана башка сүзүүчү каражаттарда сөзсүз түрдө куткаруучу жилеттерди колдонуңуз.
  • Өзгөчө кырдаал жаралса, дароо тиешелүү кызматтарга кабарлаңыз.
"Урматтуу ата-энелер! Балдардын коопсуздугу чоңдордун көңүл буруусунан башталат. Эч кандай эскертүү ата-эненин жеке көзөмөлүн алмаштыра албайт. Сиздердин сактыгыңыздар, жоопкерчилигиңиздер жана өз убагындагы алдын алуу чараларыңыз эң баалуу нерсени — баланын өмүрүн жана ден соолугун сактоого жардам берет",-деп айтылат билдирүүдө.