Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Агро Алтын-Куш” жаңы тоок фабрикасы ишке берилди. Бул тууралуу Кыргыз–Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу маалымдады.
Анын айтымында, аталган фабрика Кыргыз –Россия өнүктүрүү фондунун жана “Элдик Банк” ААКнын каржылык колдоосу менен курулган. Фабрика 29-августта президент Садыр Жапаров тарабынан онлайн форматта ачылган 67 жаңы ишкананын бири.
“Долбоор үчүн Фонд тарабынан 500 миң доллар бөлүнүп, бул каражат заманбап өндүрүш комплексин, анын ичинде кичи тоют фабрикасын курууга, жабдууларды жана канаттууларды сатып алууга жумшалган. Бүгүнкү күндө фабрика суткасына 27 миң даана жумуртка өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Жалал-Абад облусунун ички рыногун камсыздоого багытталган”,-деди ал.
Новиков белгилегендей, долбоордун алкагында бир гана канаттуулар фермасы эмес, толук өндүрүштүк экосистема түзүлгөн.
“Дан эгиндерин өстүрүүдөн жана тоют өндүрүүдөн тартып, даяр продукцияны жергиликтүү дүкөндөргө жеткирүүгө чейинки бардык этаптар камтылган. Негизги өзгөчөлүгү – чийки затты, анын ичинде жергиликтүү фермерлерден сатып алып, аймактын экономикасы үчүн мультипликациялык эффектти түзүүчү компаниянын өзүнүн тоют цехи. Ишкананын өзүнө тиешелүү тоют цехи суткасына 7 тонна тоют өндүрүп, фабриканын толук өзүн-өзү камсыздоосуна шарт түзөт. Бул сырткы (импорттук) компоненттерге болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Азырынча бул жерде 13 жумушчу орун түзүлүп, жакынкы келечекте жумуш ордун 25ке чейин көбөйтүү пландалууда. Долбоор Жалал-Абад облусунун өнүгүшүнө чоң салым кошот деп күтүлүүдө”,- деп белгилейт Новиков.