Сутка ичинде 31 өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Кырсык 28 ноябрь 2025 10:25
Сутка ичинде 31 өрт кырсыгы катталды - ӨКМ

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 36 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 9, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 7, Бишкек шаарында 4, Талас облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.