Сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 08 Апрель 2026 09:50
1_BfVOvSk_S5C3nQP_JCCnbMi.2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоо менен күрөшүүгө 19 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрт кырсыктарынын аймактар боюнча көрсөткүчү:

  • Бишкек шаары — 2;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 6;
  • Ош облусу — 2;
  • Баткен облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 2.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.