Сурдлимпиаданын 3 жолку байге ээси. Таэквондочу Азамат Мавлонов коло утту

Спорт 25 Ноябрь 2025 09:04
1.jpg
585029616_862173642822521_8443848093367022617_n.jpg
588384214_862173102822575_5145238820031577202_n.jpg
588818649_862173089489243_6728534299670155288_n.jpg
588825926_862173152822570_7508398261878530357_n.jpg
588963399_862173056155913_6751678082354094737_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Күн мурун кыргызстандык таэквондочу Азамат Мавлонов Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 80 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, үч беттеш өткөрдү.

Спортчу алгачкы эле беттешинде Түштүк Кореянын күчтүү спортчусу Чо Сангуга жеңилип калган. Бирок, кореялык спортчунун финалга чыгышы анын көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.

Көңүл жубатуучу беттеште кыргызстандык спортчу Түркиянын спортчусун ишенимдүү жеңип, коло медаль үчүн күрөшүү укугун алды.

Чечүүчү таймашта Мавлонов Өзбекстандык атаандашына карата артыкчылыгын көрсөтүп, ишенимдүү жеңишке жетти.

Ошентип, Азамат Мавлонов Сурдлимпиада оюндарынын үч жолку байге ээси болду:

  • 2017-жыл - Түркия;
  • 2022-жыл - Бразилия;
  • 2025-жыл - Япония.