Султанбай Айжигитовдун ордуна Табылды Муратбеков депутат болуп келди

Коом 5 июнь 2025 15:58
photo_1_2025-06-05_14-34-04.jpg
photo_4_2025-06-05_14-34-04.jpg
photo_2_2025-06-05_14-34-04.jpg
photo_3_2025-06-05_14-34-04.jpg
Алдыга
Артка
photo_1_2025-06-05_14-34-04.jpg
photo_4_2025-06-05_14-34-04.jpg
photo_2_2025-06-05_14-34-04.jpg
photo_3_2025-06-05_14-34-04.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.06.25 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Муратбеков Табылды Муратбековичке Жогорку Кеңештин мандатын тапшырды.

БШКдан билдиришкендей, тиешелүү чечим 5-июндагы комиссиянын жыйынында кабыл алынып, депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылган.

Табылды Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2020-2021-жылдары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан соң Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Муратбеков Табылды Муратбекович мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. Алар экөө тең «Ыйман нуру» партиясынан.

Эске салсак, ушул жылдын 28-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан.