Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Көчмөн философиясы — азыркы дүйнөнүн глобалдык чакырыктарына альтернатива. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясында билдирди.
Анын айтымында, бүгүн адамзат үч негизги коркунучка — ядролук согуш, экологиялык катастрофа жана адамдын ыймандык деградациясына туш болуп жатат.
“XXI кылымдагы көчмөндөрдүн акылмандыгынын эң башкы постулаты — өзгөрүлмө дүйнөнүн өзөктүк альтернативасын табуу. Бул мааниден алганда, азыркы дүйнөлөшүүнүн агымына каршы көчмөн философиясын альтернатива катары коёбуз. Анткени дүйнөнүн чакырыктарына бир гана альтернатива бар — акыл-эс жана ыйман”, — деди Султан Раев.
Ал көчмөн цивилизациясын бир гана тарыхый же маданий көрүнүш катары кароого болбой турганын белгиледи. Анын пикиринде, көчмөн маданияты адам менен жаратылыштын гармониясына, ички рухтун тазалыгына жана адамдык баалуулуктарга негизделген өзгөчө цивилизациялык система.
“Көчмөн феномени дүйнөгө эмне берди десек, эң оболу адамзатты табият менен гармонияда жашоого үйрөттү. Көчмөндөр табияттын тили менен сүйлөшкөн. Алардын түпкү башаты адамдын ички адеп системасы жана ыйман формуласы менен калыптанган”, — деди ал.
Султан Раевдин белгилешинче, көчмөндөрдүн дүйнө таанымында адам жаратылыштан бөлүнүп каралган эмес.
“Жаратылыш — адам, адам — жаратылыш. Бул гармония көчмөн дүйнө таанымынын өзөктүк символу болгон”, — деди ТҮРКСОЙ башкы катчысы.
Ал ошондой эле көчмөндөрдүн тарыхый мурасын терең изилдөө бүгүнкү күндүн маанилүү илимий маселелерине жооп табууга жардам берерин белгиледи. Анын айтымында, петроглифтер, кыргыздын оймо-чиймелери жана башка байыркы символдор көчмөндөрдүн философиялык жана илимий дүйнө таанымын изилдөө үчүн маанилүү булак болуп саналат.
Раев көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымын белгилеп, аттын колго үйрөтүлүшү, аскердик тактика жана согуш өнөрү, металлды курал катары колдонуу, алгачкы империялардын жана каганаттардын түзүлүшү сыяктуу тарыхый процесстерге көңүл бурду.
Окумуштуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын спорттук мелдеш катары гана кабыл албоо керектигин айтып, анын артында көчмөндөрдүн терең философиясы жатканын белгиледи.
“Олимпиада оюндарында кара күч гана жеңет десек, көчмөн оюндарында акыл, акылга таянган рух, рухка таянган дух гана жеңе алат. Бул — көчмөн философиясынын формуласы”, — деди ал.
ТҮРКСОЙ башкы катчысы көчмөн адебинин негизги максаты адамды адам бойдон сактап калуу экенин белгиледи.
“Көчмөн адебинин башкы кодекси — пендени кишиге, кишини адамга, адамды инсанга айландыруу. Дүйнөлүк адамзаттын башкы капиталы — ар бир адамдагы адамдык жана инсандык маданиятты ойготуу”, — деди Султан Раев.
Анын пикиринде, көчмөндөр философиясынын бүгүнкү күндөгү мааниси — адамзатка руханий багыт көрсөтүүдө.
“Көчүү — бир жерден экинчи жерге көчүү эмес. Ал эң ириде адамды адам бойдон сактап калуу аркылуу адамзатты дүйнөлүк апааттан сактап калуу”, — деп жыйынтыктады ал.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясы өтүүдө.