Сулайман-Тоону айланта веложол курулушу мүмкүн

Аймак 25 Март 2026 18:32
1.jpg
653906382_1280154527636775_190309433165971114_n.jpg
654854963_1280153577636870_973234608768994035_n.jpg
656050402_1280153044303590_5510785918914193809_n.jpg
656732028_1280160164302878_8067325771644718103_n.jpg
656732028_1280167757635452_319924909266470485_n.jpg
657238286_1280154730970088_6121632488059969581_n.jpg
657279465_1280154314303463_8065283471682964560_n.jpg
658948492_1280153627636865_6205924873059063864_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулушу мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Жанарбек Акаев маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен жолугуп, анда "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоордун презентациясы тааныштырылды.

Мэр аталган долбоорду ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар керектигин белгилеп, веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштады.

Долбоорго ылайык Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин ичи, сырты толук реконструкцияланат. Долбоор жалпы 12 бөлүктөн турат жана 3 этап менен ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Ошондой эле жыйында Алымбек датка курдурган Ак медресени калыбына келтирүү жана көрүстөндөрдү иретке келтирүү жумуштарын ишке ашыруу маселелери каралды.