Сулайман-Тоодогу өрт 15 гектар жерди жалмады

Кырсык Загрузка... 26 Июнь 2025 16:25
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Сулайман-Тоодогу өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:31де толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоо болжол менен 15 гектар жерди каптаган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Өрт кырсыгын өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 3 куткаруучу тартылган.

Ири өрт өчүрүүнү министр Бообек Ажикеев өзү көзөмөлдөдү.