Сулайман-Тоо музейинде тыйындар көргөзмөсү ачылды

Маданият Загрузка... 15 Май 2026 15:35
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музейинде Акча күнүнө арналган алтын жана күмүш тыйындардын көргөзмөсү ачылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле көргөзмөдө ар түрдүү тарыхый мезгилдерге таандык акча бирдиктери коюлду.

Иш-чаранын негизги максаты улуттук валютанын тарыхын кеңири таанытуу, акчанын баалуулугу тууралуу түшүнүктү калыптандыруу жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Көргөзмө коомчулук арасында чоң кызыгуу жаратып, улуттук акча тарыхын изилдөөгө болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түздү.