Сулайман-Тоо музей комплекси модернизацияланат

Маданият Жүктөлүүдө... 02 Июль 2026 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү.

Жыйында курулуш жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп жаткан учурда тарыхый-маданий мурастарды сактоо, жаратылышка болгон таасирди азайтуу жана жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле долбоорду ишке ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо жана маданий мурастарды коргоо боюнча сунуштар айтылды.