Кыргызстанда аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү жана алардын ишин илгерилетүү багытында бир катар иштер аткарылууда. Аймактык аба майдандарды кайра калыбына келтирүү, эл аралык макамга ээ аэропортторду жаңылоо иштери колго алынган. Мунун баары ички жана сырткы каттамдарды кеңейтүүгө, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Кабар" агенттиги акыркы жылдары өлкөдөгү аэропортторду модернизациялоо иштери тууралуу азын-оолак айтып берет.
Бүгүнкү күндө "Кыргызстан аэропорттору" ААКка өлкө аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө — "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" аэропорттору эл аралык макамга ээ болсо, алтоо — "Жалал-Абад", "Раззаков", "Кербен", "Казарман", "Нарын" жана "Талас" аэропорттору аймактык мааниге ээ.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аймактык аба майдандарды калыбына келтирүү, каттамдарды жандардыруу керектиги белгиленген .
Анткени 2022-жылы өлкөдө болгону 5 гана аэропортто каттамдар аткарылып турган болсо, калган аймактык аэропорттор иштеген эмес.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидиновдун айтымында, 2006-жылы Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесине” киргенден баштап экономикалык пайда алып келе турган гана аймактык аэропортторго жеке компаниялар учуп калган. Ал эми эч кандай пайда алып келбейт делген аэропортторго учактар учкан эмес. Мындан улам аймактык аэропорттордун көпчүлүгү каралбай, иши токтоп калган.

“Биринчиден, бизге президент 11 аэропорттун баары иштеш керек деген тапшырма койгон. Экинчиден, мамлекеттик авиакомпаниябыз болушу керек деп билдирген. Ошондон тартып биз аймактык аэропортторго көңүл буруп, модернизациялоо иштерин баштадык. Эки жыл ичинде аймактык аэропорттордогу реконструкциялоо иштери бүткөрүлдү”, - деди ал.
Жаңылоо иштеринин алкагында бүгүнкү күндө “Нарын” аэропортунун кайрадан иши жанданып каттамдар аткарылууда. Бул жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүгө, башка региондор менен түз аба байланышты камсыз кылууга салым кошууда. Аэропорттун биринчи конуу талаасы 1930-жылдары Салкын-Төр айылында пайда болгон. Заманбап аэробекет имараты 1964-жылы, ал эми учуп-конуу тилкеси жана перрон 1974-жылы курулган. Ошондон бери аба майдан жаңылоого муктаж болуп келген.
Буга улай эле Тогуз-Тородогу аймактык аэропортто да калыбына келтирүү иштери жүрүп, жергиликтүү тургундарга аймакка учак менен жетүүгө шарт түзүлдү. Учурда "Казарман" аэропортунан да үзгүлтүксүз каттамдар аткарылууда.
2024-жылы “Талас” аэропорту да оңдоо иштеринен соң пайдаланууга берилип, Баткен облусундагы “Раззаков” аэропорту дагы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле Asman Airlines авиакомпаниясы ачылып, тоолуу аймактарга учууга ылайыкталган жаңы учактар сатылып алынды. Учурда аймактык аэропортторго бул учактар үзгүлтүксүз каттап жатат.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК аймактардагы аба майдандардагы иштерди аяктаган соң, эл аралык макамга ээ аба майдандарды жаңылоого киришти.
“Жалал-Абад” аэропорту шаардын ортосунда орун алгандыктан аны көчүрүү чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө аэропорттон 15 чакырым алыстыкта Сузак районунун Багыш айыл аймагында “Жалал-Абад” аэропортунун курулушу уланууда. Анын жалпы аянты 381 гектарды түзөт. Курулуш иштери аяктаганда аэропортко эл аралык макам берилет.

“Ош” эл аралык аэропортунда бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылып, учактар токтой турган перрондор да кеңейтилүүдө. Аэропортко жаңы заманбап аэробекет да салынууда.
“Каракол” эл аралык аэропортунда болсо, учуп-конуу тилкеси узартылып, реконструкция иштери аткарылды. Туристтердин агымына жараша суроо-талап өскөндүктөн, учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин жеткирилди.
“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки биринчи техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды. Техникалык каттам аэропортту туруктуу эл аралык каттамдарды кабыл алууга даяр экендигин тастыктады. Аэропортто учуп-конуу тилкеси эле узартылбастан, заманбап жарыктандыруу системасы жана ILS инструменталдык кондуруу системасы орнотулуп, бул аэропорттун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатты.

Мындан тышкары, Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун мурдагы аэробекети көп жүргүнчүлөрдү батыра алчу эмес. Буга байланыштуу жаңы аэробекетти куруу иштери башталган. Аэропорттогу жаңылоо иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Ошондой эле учуп-конуу тилкесин узартуу, унаа токтоочу жайларды кеңейтүү пландары коюлууда.

“Манас” эл аралык аэропортунда реконструкциялоо иштери былтыр май айында башталган. Кышы-жайы дебей иштер тынымсыз жүрүп, масштабдуу реконструкциядан кийин аэропорттун аэробекет комплекси толугу менен жаңыланды.

Аэропорттун перронунда, сыртында жаңылоо иштери жүрдү. Имараттын инженердик түйүндөрү, жылытуу жана аба алмаштыруу системасы да жаңыртылып, жаңы жабдуулар орнотулду. Аэропортто 650 орундуу унаа токтоочу жай курулду.

“Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр каттамдардын учуп-конуу убактылары менен таанышуусу үчүн каттоо жайына узундугу 100 метрден ашкан LED-экран орнотулду. Мурда аэропортко киргенде эки тарабында бирден лифт болсо, азыр 4 лифт, эки эскалатор коюлду. Мунун баары эл аралык аэропоттун талаптарына ылайык келтирилүүдө.

“Манас” эл аралык аэропортунун конструкциясы өзгөртүлдү. Аэробекет комплекси мурунку стандарттар менен курулган. Биз жаңы терминал деле куруп койсок болмок. Бирок ага өтө көп каражат кетмек. Биз ондуктан азыркы аэробекетти эле модернизациялоону баштаганбыз. 39 мин чарчы метрге дагы 20 миң чарчы метрди кошсок, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу эки эсеге көбөйөт деп эсептеп көрдүк. Аэробекет жөн эле кирип жана кайра чыгып кете турган имарат эмес, анын атайын стандарттары бар.
Анткени бизди Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО), Евробиримдик эле текшербейт, бизди авиакомпаниялар өздөрү келип да карап чыгат. Биз мына азыр Европага каттам ачалы деп турабыз. Европанын авиакомпаниялары келип, биздин автобазадагы техникадан баштап аэробекеттеги ар бир адиске чейин, керек болсо жетекчилик курамга чейин текшеришет. Анткени алардын учагы коопсуз учуп келип, кайра коопсуз учуп кетиши керек. Биз ошонун баарын эске алып, бир жарым жыл ичинде алдыга койгон пландарды ишке ашырдык”, - деп белгиледи Манасбек Самидинов.
“Кыргызстан аэропорттору” ААК аба майдандарды жаңылоо менен катар жаңы техника менен камсыздоо иштерин да улантууда.

Соңку жылдары "Кыргызстандын эл аралык аэропорттору" ААК авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө, атайын авиациялык техника жана заманбап жабдууларды сатып алууга өз каражатын жумшап жатат.

2021-2025-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн саны 52% өстү, ал эми аткарылган аба каттамдары 53 пайызды түздү. 2021-жылы өлкө аймагы боюнча 5 аэропорт иш алып барса, бүгүнкү күнү мамлекеттеги бардык аэропорттор иштеп жатат.

Аймактык аэропорттор бул жөн гана транспорттук инфраструктура эмес, аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү куралы.
Кыргызстандын басымдуу бөлүгү тоолуу болгондуктан, Казарман, Нарын, Талас, Кербен сыяктуу аймактарга унаа менен жетүүгө бир нече саат талап кылынат. Кыш мезгилинде ашуулардагы аба ырайы жол жүрүүнү дагы татаалдаштырат. Аба каттамдары болсо аралыкты бир саатка жетпеген убакытка чейин кыскарта алат.
Аймактардагы аэропорттордун үзгүлтүксуз иштешинин социалдык мааниси чоң. Бул тууралуу экономист Кубан Чороев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мында калктын медициналык, билим берүү жана мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгү жогорулайт. Өзгөчө кырдаалдарда санитардык авиацияны жана тез жардам мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүлөт. Бирок экономикалык жактан эң чоң эффект туризм, чакан бизнес жана инвестиция аркылуу келет.

“Туристтик потенциалы жогору аймактар жаңы рынокко айланат. Инвестор үчүн да аймактын алыстыгы байкалбай калат. Акыркы жылдары Казарман, Талас, Раззаков, Каракол, Кербен багыттарындагы авиациялык инфраструктуранын жана ички каттамдардын калыбына келиши ушул процесстин башталышы болуп жатат. Натыйжада жаңы жумуш орундар түзүлүп, туризм жана тейлөө сектору өнүгүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешеси көбөйөт. Узак мөөнөттө бул Бишкек жана Ош шаарларына болгон ички миграциянын басымын да азайтуучу факторлордун бири болушу мүмкүн”, - деди эксперт.
Ошондой эле Кубан Чороев эл аралык аэропорттор экономиканын тышкы рынокко чыгуусун кеңейте турганын белгиледи.
Экономисттин пикиринде, эл аралык аэропорт — өлкөнүн дүйнөлүк экономика менен байландырчу дарбазасы. Эл аралык каттамдар көбөйгөн сайын Кыргызстан туристтер, инвесторлор жана бизнес үчүн жеткиликтүү боло баштайт.
“Авиакомпаниялардын ортосундагы атаандаштык күчөсө, жүргүнчүлөр үчүн тандоо көбөйүп, билет бааларына төмөндөөчү басым жаралышы мүмкүн. Бул чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерибиз үчүн да өзгөчө маанилүү”, - деп эсептейт ал.
Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан жаңы аэропорт Кыргызстандын маанилүү долбоору болуп саналат. Анда өзгөчө көңүл жүк ташуу мүмкүнчүлүгүнө бурулууда.
Экономисттин баамында, заманбап аэропорт жана авиациялык логистика өнүксө, айыл чарба продукциясын жогорку баадагы тышкы рынокторго тез жеткирүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.
“Муну Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу менен айкалыштыра алсак, бул өлкө үчүн авиация, темир жол жана унаа жолду бириккен мультимодалдык логистикалык түйүн түзүлүшү мүмкүн. “Ош” эл аралык аэропортунун инфраструктурасынын кеңейиши жана Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун өнүгүшү менен бирге бул Кыргызстанга Борбор Азиядагы авиациялык байланыштарда өзүнүн ордун күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди Кубан Чороев.
Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, быйыл Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылды. 20 жыл бою биздин өлкө аталган тизмеде турган. Акыркы үч жылда аткарылган иштер өз натыйжасын берип, Европага түз каттамдарды ачууга жол ачылып отурат. Буга чейин Кыргызстанда катталган авиакомпаниялар Европа биримдигинин аймагына уча алышчу эмес. Ага эл аралык стандарттардын жана Европа биримдигинин талаптары сакталбаганы жолтоо болуп келген.

Эми кыргыз авиакомпаниялары Лондон, Париж сыяктуу шаарларга уча алат. Экономисттер “кара тизмеден” чыгуу бир гана түз каттамдарды аткарууга гана эмес, соода-экономикалык, туристтик байланыштарды арттырууга өбөлгө түзөт деп белгилешүүдө.

“Бул жерде эң маанилүүсү Европа биримдиги Кыргызстандын улуттук авиациялык коопсуздукту көзөмөлдөө жаатында акыркы жылдары жетишилген прогрессти расмий тааныды. Мунун да экономикалык жактан мааниси чоң. Биринчиден, ата мекендик авиакомпаниялар тиешелүү уруксаттарды алгандан кийин Европа багытындагы түз каттамдарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Экинчиден, европалык авиакомпаниялар менен коммерциялык өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүгө жаңы шарттар түзүлөт. Үчүнчүдөн, өлкөнүн авиация тармагындагы беделинин жакшырышы учактарды сатып алуу жана лизинг, камсыздандыруу, инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдө оң фактор боло алат. Европага учуу үчүн авиакомпаниялар тиешелүү талаптарды аткарышы керек. Ошондуктан учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө, авиациялык адистерди даярдоо жана эл аралык стандарттарды туруктуу сактоо мындан ары да артыкчылыктуу багыт болушу зарыл”, - деп айтты экономист.
Жыйынтыктап айтсак, Кыргызстандын учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуусу кыргыз авиациясынын эл аралык интеграциясына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Эгер бул инфраструктура туризм, экспорт жана логистика саясаты менен туура байланыштырылса, авиация Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн өзүнчө драйверлеринин бирине айлана алат.