Сугат мезгили: Баткенде ирригациялык объекттер жана курулуштар текшерилди

Аймак Загрузка... 17 Июль 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Лейлек жана Баткен райондорундагы ирригациялык системалардын жана курулуш объекттеринин абалы жеринде текшерилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ирригациялык объекттер менен катар курулуш жүрүп жаткан социалдык жана өндүрүштүк объекттер менен президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жеринде таанышты.

Иш-сапарда алгач Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы Дашравад насостук станциясынын иши текшерилди. Учурда станцияда эки агрегат үзгүлтүксүз иштеп, секундасына 500 литр суу берилүүдө. Зарыл болгон учурда пайдалануу үчүн дагы бир агрегат резервде даяр турат.

Андан соң Жаңы-Жер айыл аймагындагы "Арка" насостук станциясынын ишмердүүлүгү каралды. Азыркы учурда эки агрегат иштеп, дыйкандарга секундасына 2,0 куб метр суу жеткирилүүдө. Бир агрегат резервде кармалып, суу тартыштыгы жаралган учурда же кошумча суроо-талап түшкөндө үчүнчү агрегатты ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган.

Ошондой эле Кең-Талаа айыл аймагындагы Мурас айылында жайгашкан Маргун суу сактагычынын абалы каралды. Суу сактагычтын жалпы сыйымдуулугу 305 миң куб метрди түзсө, учурда анда 220 миң куб метр суу топтолгон. Азыркы учурда сугат иштерине секундасына 70 литр суу берилүүдө.

Иш-сапардын алкагында Баткен районунун Самаркандек айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын жана соода борборунун курулуш иштери текшерилип, курулуштун сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү зарылчылыгы белгиленди.

Соңунда Ак-Татыр каналы жана Ак-Сай насостук станциясы аркылуу сугат мезгилинде дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасы берилди.