Студент кайсы учурда мамлекеттик гранттын акчасын кайтарышы керек?

Коом 8 октябрь 2026 09:10
Студент кайсы учурда мамлекеттик гранттын акчасын кайтарышы керек?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен окуган студент айрым учурларда окууга кеткен чыгымды кайтарып берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, студент төмөнкү учурларда мамлекеттик гранттын өлчөмүндө окууга кеткен чыгымды кайтарышы керек:

  • жүйөлүү себепсиз өз каалоосу менен окуудан чыкса;
  • жүйөлүү себепсиз окуудан чыгарылса;
  • башка адистикке которулууга байланыштуу окуудан чыкса;
  • мамлекеттик гранттык окутуудан контракттык негизге өтсө.

Бул каражат билим берүү уюмуна алты айдын ичинде кайтарылышы керек.

Ошол эле учурда мыйзамда грантты кайтаруудан бошотуучу жагдайлар да каралган. Мисалы, студент ден соолугуна байланыштуу окуудан чыкса же Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетсе, тиешелүү документтерди тапшырган учурда каражатты кайтаруудан бошотулушу мүмкүн.

Министрлик студенттин окуудан чыгарылышы эле гранттын акчасын автоматтык түрдө кайтаруу милдетин жаратпай турганын белгилейт. Каражат мыйзамда түздөн-түз көрсөтүлгөн учурларда гана өндүрүлөт.

Ошондой эле окуудан чыгарылган студентке билими тууралуу документтин түп нускасы жана академиялык маалымкат финансылык жана материалдык карыздары төлөнгөндөн кийин берилери белгиленди.