Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-19-июль күндөрү Таиланддын Паттайя шаарында өткөн стренглифтинг боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар ийгиликтерди багындырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын Стренглифтинг боюнча улуттук федерациясынын президенти Шамарал Майчиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын дүйнө чемпионатына жалпы алты спортчу катышты. Алар - Адилет Мүрөков, Шамарал Майчиев, Арыслан Давлетов, Рысбек Макашев, Султан Мамбеталиев жана Нурланбек Султангазиев.

“Спортчуларыбыз бул жолу мыкты жыйынтыктарга жетишти. Адилет Мүрөков бицепс багытында 87,5 кг штанганы көтөрүп, дүйнөлүк рекорд койду. Жалпысынан 6 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль утуп алдык. Ар бирибиз мыкты упай топтодук, жеке рекордубузду жаңыладык жана эң башкысы - сынакка катышуудан чыныгы ырахат алдык.
Стренглифтинг - пауэрлифтинг спортунун бир багыты. Анын үч негизги түрү бар:
- бурчтуу стенддик пресс;
- бицепске штанганы эки кол менен жерден көтөрүү;
- штанганы жерден көтөрүп арткы жагына таштоо (Гаккеншмидт подиуму)”,-деди ал.
Майчиев кошумчалагандай, Кыргызстанда бул спорттун негиздөөчүсү Жеенбек Мукамбетов.
“Жеенбек Мукамбетов кыргыз жана дүйнөлүк спортко өзүнүн эмгеги, идеясы, күч-аракети жана уюштуруучулук жөндөмү менен чоң салым кошту. Ал армрестлингди Кыргызстанда эл аралык деңгээлге көтөрө алган инсан. Учурда ал Дүйнөлүк армрестлинг федерациясынын вице-президенти, Азия федерациясынын президенти жана Дүйнөлүк стренглифтинг федерациясынын төрагасы болуп саналат”, – деп белгиледи ал.

Дүйнөлүк стренглифтинг федерациясынын төрагасы Жеенбек Мукамбетов кошумчалагандай, спорттун бул түрү салыштырмалуу жакында эле ХХ жана ХХI кылымдардын ортосунда пайда болгон.
“Бул динамикалуу, көркөм жана таасирдүү спорт түрү. Учурда дүйнө жүзүндө кеңири жайылууда. Кыргызстан дүйнөлүк аренадагы медалдар үчүн күрөшкө активдүү аралашып, бүгүнкү күндө эл аралык подиумда татыктуу орундарды ээлеп жатканы чоң кубаныч. Эл аралык федерациянын башкы кеңсеси Индиянын Калькутта шаарында жайгашкан. Азыркы тапта Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанда стренглифтинг ыкчам өнүгүп жатат. Дүйнөлүк деңгээлде Индия менен Шри-Ланка алдыңкы сапта. Ошондой эле Индонезия менен Пакистанда да стренглифтинг боюнча ири федерациялар ийгиликтүү иш алып барууда”, - дейт Жеенбек Мукамбетов.

Дүйнөлүк рекордсмен, федерациянын башкы машыктыруучусу Адилет Мүрөков спорт түрлөрүнөн өзгөчө стренглифтинг көбүрөөк жакканын белгилгиледи.
“Негизи мен пауэрлифтинг менен машыгам. Көп учурда пауэрлифтинг менен машыккан спортчулар жаш курагына жараша бодибилдингге да көңүл бурушат, анткени жаш өткөн сайын чоң салмак көтөрүү кыйындай баштайт. Жеке өзүмө болсо стренлифтинг көбүрөөк жакты. Анткени, бул спорт түрүндө чоң булчуң массасына ээ болуу талап кылынбайт. Башка спорт түрлөрүнө караганда коопсуз дагы. Биринчи кезекте мен жеңишимди апама арнайм. Анткени, апам мага абдан ишенет. Чемпионатка аттанып жатканда дагы “Балам сага ишенем” деген сөзү мага абдан чоң дем берди. Кийинки чемпионаттарда биз мындан да жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз деп ойлойм. Себеби, биз абдан жакшы тажрыйба топтой алдык”,-дейт ал.
Жеенбек Мукамбетов белгилегендей, спорттун бул түрү үчүн чоң стадиондордун, гольф аянтчаларынын же бассейндердин кереги жок.
“Болгону темир, тренажер залы жана чоң каалоо керек. Кыргызстанда мунун баары бар. Андыктан стренглифтингди 14 жаштан 70 жашка чейинкилер катыша турган улуттук спорт түрүнө айлантууга толук мүмкүнчүлүк бар. 2026-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде келерки дүйнөлүк чемпионаттын өтүшү спорттун бул түрүнүн популярдуулугун арттырат деп ишенем. Стрэнглифтингдин элементтеринин бири – бицепс пресс 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген", - деди ал.