Соңку жылдары Кыргызстанда жол куруу жана оңдоо иштери мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири катары каралууда. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүүчү негизги факторлордун бири - сапаттуу жол инфраструктурасы. Бул багытта мамлекеттик жана эл аралык каржылоонун негизинде бир катар ири долбоорлор ишке ашууда.

Жол тармагындагы иштер региондорду туташтырууга, ички рынокко жетүүнү жеңилдетүүгө жана калктын мобилдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болууда. Айрыкча алыскы жана тоолуу аймактардагы жолдордун оңдолушу жергиликтүү калк үчүн чоң жеңилдик жаратып, социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртууда.
Стратегиялык мааниге ээ болгон ички жана эл аралык транспорт каттамдарынын сапатын жакшыртуу багытында ири иштер аткарылууда.
Алсак, учурда Лебединовка – ГЭС-5, Бишкек – Кант жана Бишкек – Күнтуу – Шопоков сыяктуу маанилүү унаа жолдорунда оңдоо иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы тапта Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлүп, кɵпүрɵнүн курулушу толугу менен аяктады. Учурда тротуар, лоток орнотуу жумуштары жүрүүдɵ.

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгын (Новопокровкадан Лермонтов көчөсүнө чейин) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип, анда асфальт төшөө менен катар көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган. Долбоордогу пландалган жумуштар 2026-жылы толугу менен бүтɵт.
Ал эми Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка – ГЭС- 5 унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдɵ. Учурда жолдун астыңкы катмарынын бир тарабына, тактап айтсак, 4,400 чакырымга асфальт басылган. Жакынкы күндɵрү экинчи тарабы да басылганы турат.

Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик - Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна мурдагыдан 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат. Аталган жолду 2026-жылдын август айында бүткөрүү пландалууда.
Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Бүгүнкү күндө Бишкек – Күнтуу багытындагы жолдун сол тарабына бир тараптуу асфальт төшөлүүдө.

Ошондой эле калган тилкеде асфальтка чейинки жумуштар жүрүп жатат. Мындан тышкары, көпүрөнү оңдоо жана бордюр орнотуу иштери аткарылууда. Аталган жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.

Аталган министрликтин Жол чарба департаментинин башкы адиси Кубаныч Бексултанов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда жалпы 34 миң чакырым жол бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансындагы жалпы пайдалануудагы жолдун узундугу 19 миң 16 чакырымды түзөт.
Анын ичинен:
- 3898,40 чакырым эл аралык маанидеги жол;
- 6213,00 чакырым мамлекеттик маанидеги жол;
- 8905,13 чакырым жергиликтүү маанидеги жол.
“Быйыл 1 миң чакырым жол куруу пландалган. Учурда 1 миң 200дон ашык жолго асфальт басылып, бул рекорддук көрсөткүчтү түздү”,-деди ал.
Жол куруу иштеринде заманбап технологиялар колдонулуп, асфальт-бетон заводдору, көпүрөлөр, дренаждык системалар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу белгилер жаңыланууда. Ошондой эле бул тармакта жергиликтүү жумушчу күч тартылып, экономикалык активдүүлүккө салым кошулууда.