Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Улуттук статистикалык комитетке 50 кызматтык унаанын ачкычтары тапшырылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов белгилегендей, мындай масштабдагы унаа берүү иш-чарасы акыркы 30 жылда биринчи жолу болуп жатат.
“Буга чейин комитетке бир-эки гана унаа берилчү. Бүгүнкү күндө унаалар 40 райондун жана 7 шаардын бардык аймактык бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлүп, жалпысынан 50 унаа жеткирилди”, - деди ал.
Анын айтымында, кызматтык унаалар 20-октябрда баштала турган айыл чарба каттоосун өткөрүү үчүн берилүүдө. Бул масштабдуу иш-чара республиканын деңгээлинде акыркы 2022- жылдан бери өткөрүлбөй келген.
“Министрлер кабинети былтыр бул каттоону ушул жылдын 20-октябрына белгилеген. Биз 15-20 күндүн ичинде аяктоону пландап жатабыз. Бүгүн тапшырылган унаалар бул ишти натыйжалуу жана так жүргүзүүгө чоң көмөк болот”, — деп белгиледи Бактыбек Кудайбергенов.