Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылы 191 оорукана, 45 баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюм, 2 өз алдынча тез жардам станциясы жана миңден ашуун фельдшердик-акушердик пункт калкка медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактык ооруканалардын жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында 56 жалпы дарыгерлик практика борбору иш алып барып, алардын курамында 234 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу кызматта болгон.
Өлкөдө медициналык-санитардык жардам көрсөтүү тармагында 13 миңден ашуун дарыгер жана 34 миңден ашык орто медициналык кызматкер эмгектенген.
Ошондой эле республика боюнча ар бир 10 миң тургунга орточо 19 дарыгер жана 47 орто медициналык кызматкер туура келген.